Акыйкатчы камактагы Ниязовдун абалы боюнча президентке кайрылды

Акыйкатчы камактагы Ниязовдун абалы боюнча президентке кайрылды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жаран Фарид Ниязовдун ден соолугунун абалын эске алуу менен анын мындан ары камакта кармалуусунун негиздүүлүгүн тез арада карап чыгуунун зарылдыгы тууралуу президентке, Башкы прокурорго кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Айыпталуучу Ф.Ниязовдун өкүлдөрү жана тарапташтары бир нече ирет анын ден соолугунун абалы оор экендигин билдирип келишкен.

Ф.Ниязовдун тарапташтары тарабынан берилген М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлеринин 2021-жылдын 3-мартындагы жана 2022-жылдын 3-мартындагы консилиумунун бүтүмдөрүнүн көчүрмөлөрүнө ылайык, ага абдан жогорку тобокелдиктеги III стадиянын III даражасындагы гипертониялык оору менен ооругандыгы жөнүндө диагноз коюлган. Анын өкүлдөрү менен тарапташтары оорунун күчөп бара жаткандыгы тууралуу коңгуроо кагышууда.

Ф.Ниязовго коюлган жогорудагы диагноз өкмөттүн 2018-жылдын 20-июндагы №296 токтому менен бекитилген «Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулуулардын тизмесинде» каралган ооруларга шайкеш келүүсү ыктымал.

Акыйкатчы белгилегендей, буга чейинки УКМКнын ТИЗОсунда үч жарандын каза болуусунан кийин, бардык мамлекеттик органдар улуттук мыйзамдардын талаптарын жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоонун эл аралык таанылган кепилдиктерин камакта кармоодо так аткарууга тийиш.

Жазык-процесстик кодексинин 11-беренесинде каралгандай, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалып алынган адамды, ошондой эле кылмыш жасоого шектүү катары кармалган адамды камакта кармоо анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбей турган шартта жүзөгө ашырылууга тийиш.

Акыйкатчы улуттук укук коргоо институту катары өлкө жетекчилигин ар бир конкреттүү учурда иштин жагдайларынын максатка ылайыктык, зарылдык жана шайкештик принциптерин карманууга тийиш болгон, камакка алуу чарасынын түрүн тандоону демилгелеген укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө түзүлгөн кырдаалдарга көңүл бурууга чакырат.

Маалымат үчүн: Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери Фарид Ниязовго байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурумдарга үзгүлтүксүз түрдө мониторинг жүргүзөт.

Фарид Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынып, Октябрь окуялары маалында бошонгон. Бирок кийин кайра камалып, ага ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуяларга байланыштуу да айып тагылган. Ниязов “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүү боюнча козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>