Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Кадамжайда мечиттин садака кутучасынан акча уурдаган шектүү жаран кармалды
21.04.2026 | 12:23

Баткендин Кадамжай шаарында 19 жаштагы жаран садака кутучасынан акча уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде саат түнкү саат 03:30 чамасында белгисиз жаран «Аль-Бухари» мечитинин короосундагы садака кутучасын бузуп, акча уурдап жатканын ИИМдин санариптик көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн инспектору видеокөзөмөл аркылуу байкап калган.
Маалымат берилген соң, Кадамжай РИИБдин ыкчам тергөө тобу шектүү катары Ноокат районунун 19 жаштагы Ж.И. аттуу тургунун кармаган.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар