Райымбек Матраимовдун кайда экени айтылды

24.11.2019 | 12:47

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иниси Райымбек Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу маалматты четке какты. 

Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүндө, депутат Ирина Карамушкинаны сына алган. 

“Кесиптешим Матраимов үй-бүлөсүн алып, Кыргызстандан чыгып кетти деген жалган маалымат таратты. Бүгүнкү күндө биздин Үй-бүлөө карата, каалагандай жалааны жабыштыра берсе болот деп жатышат окшойт. Анын айткан сөзү  калп экенин билдирем”, – деп жазган ал. 

Бажы кызматынын мурдагы орунбасары , коомчулукка “Раим миллион” деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовду” үй бүлөөсү менен бирге өлкөдөн чыгып кетти” деп биринчиледен болуп  Ирина Карамушкина Фейсбукка жазган эле.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланды. 

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

 

Scroll to Top