Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Чаткал районунун прокурору жол кырсыктан каза болду
07.07.2022 | 13:58
Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков жол кырсыктан каза болду. Бул тууралуу 24.kg укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен жазды.
Кырсык бүгүн эртең менен болгондугу айтылууда. Жанузаков Бишкектен Чаткал районуна бара жаткан. Чакмак-Суу айылына жакын жерде өзү бара жаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жанузаков алдыңкы жүргүнчүлөр орундугунда отурган. Ал ошол жерден каза болгон.
Юстициянын подполковниги 54 жашта болчу жана бул кызматты 2020-жылдын май айынан бери аркалап келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом