Абдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярданууда
Кыргызстанда айлык акы көп төлөнгөн үч аймак аныкталды
11.07.2022 | 09:48
Кыргызстанда январь-апрель айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 22 миң 84 сомду түздү.
Ошол эле учурда жети облустун алтоосунда жана Ош шаарында (20 миң 488 сом) эмгек акы республикалык орточо көрсөткүчтөн төмөн.
Эң төмөн номиналдык эмгек акы Ош жана Баткен облустарында, тиешелүүлүгүнө жараша 16 миң 78 сом жана 16 миң 621 сом болду.
Республика боюнча эң жогорку айлык акы Бишкек шаарында 27 миң 312 сом, Нарын облусунда 22 миң 106 сом жана Талас облусунда 21 миң 989 сом болгон. Мында номиналдык эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Талас облусунда белгиленди — 28,5%.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом