Каракол: Аёосуз сабалган Айзат кайрадан прокуратурага даттанды

Каракол: Аёосуз сабалган Айзат кайрадан прокуратурага даттанды

Каракол шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен Айзат Үсөнбаева милиция кызматкерлеринин аракетсиздигинен улам кайрадан Ысык-Көл облусунун прокуроруна кайрылды.

Укук коргоочу Камиль Рузиев билдиргендей, буга чейин зомбулукка жол берген участкалык милиционерге сөгүш берилген.

“Жабырлануучу шаардык ички иштер башкармалыгынын жеке кабыл алуусунда болгондо ага Стамбулдук протокол боюнча соттук экспертизанын корутундусун алууну тездетүүгө жана ишти Каракол шаардык сотуна жиберүүгө убада беришкен”, — деди Камиль Рузиев.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Ал Каракол шаарынын СИЗОсуна киргизилген.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүш иштери ооруканадан түшкөн маалымат боюнча жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Кийинчерээк зомбулукка кабылган Айзат Үсөнбаевага күйөөсүнүн бир тууганы тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканы маалымдалган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>