Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бишкекте 12 жаштагы Арууке Өмүрова дайынсыз болууда
13.07.2022 | 13:05
Дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Арууке Өмүрова изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылы туулган Арууке 10-июль күнү Бишкек шаарынын Салиев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын бою 160-165 сантиметр чамалуу.
Кийип жүргөн кийимдери: Көк көйнөк жана кара түстөгү бут кийим.
Милиция өспүрүм кызды көргөндөр болсо 102 кызматына жана 0557 11-94-10, 07018- 28-28-09 номурларына чалып, кабарлоону өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом