Бишкек шаарында 14 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн кулап өлдү. Бул тууралуу «Тез жардам» кызматынан билдиришти.
Окуя 16-июлдан 17-июлга караган түнү, саат 2:44 чамасында болгон. Ал 13-кабаттан кулаган. Тез жардам кызматынын унаасы келгенге чейин эле каза болгон.