2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу сот иштери 24%га өстүКыргызстандын бизнеси 2025-жылдын I жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 82 млн долларга жакын инвестиция салдыКазакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга карата мунай өндүрүү болжолун 98 млн тоннага чейин төмөндөттүБУУнун Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгышта ок атууну токтотуу боюнча резолюциянын долбоорун четке кактыКыргызстан ЕАЭБде LED лампаларын импорттоого 5%дык алымды кайтарууну сунуштоодоБилет алып берем деп, жарандарды 15 млн сомго алдаган. Лейлекте шектүү жаран кармалды
Жети-Өгүздө козу карын тергени кеткен жаш бала дайынсыз болууда
20.07.2022 | 10:03
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы жигит дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Барскоон капчыгайына 2005-жылы туулган А.Ж. аттуу бала козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу, кошумча ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылган. Саат 03:15те издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.
Издөө иштери бүгүн, 20-июль күнү улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом