Адылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдү
Соң-Көлдө “Эң узун шырдак Нарында” аттуу фестиваль өтөт
20.07.2022 | 09:56
Соң-Көл жайлоосунун Баатай аралында 22-июлда “Эң узун шырдак Нарында” аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, фестиваль салттуу көргөзмөлөр менен коштолот.
Программага ылайык, фестивалда Нарында жасалган эң узун шырдак көрсөтүлүп, кол өнөрчүлүк боюнча мастер класстар, салттуу көргөзмөлөр жана музыкалык оюн-зооктор көрсөтүлөт. Ошондой эле, ат оюндары жана кыргыз көчү сындуу бир катар иш-чаралар менен коштолот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом