Тоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдү
Жети-Өгүздө козу карын тергени кеткен жаш бала дайынсыз болууда
20.07.2022 | 10:03
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы жигит дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Барскоон капчыгайына 2005-жылы туулган А.Ж. аттуу бала козу карын тергени кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу, кошумча ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылган. Саат 03:15те издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.
Издөө иштери бүгүн, 20-июль күнү улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом