Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды 40тай адам издөөдө
20.07.2022 | 10:12
Ысык-Көл районунда сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.
Издөө иштерин улантууга 24 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.
Кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.
Издөө иштери бүгүн, 20-июль күнү улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар