Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайтReporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдү
Сокулукта күйөөсү аялын аёсуз сабап жаткан видео тарады
20.07.2022 | 13:33
Сокулук районунда күйөөсү аялын жерге жаткырып алып сабап жаткан видео социалдык тармакка тарады.
Видеону тартып алган күбө окуя Ленин көчөсүндө болгонун билдирген.
Анын айтымында, ал велосипед менен өтүп бара жатканда кошунасы аялын сабап жатканын көргөн.
“Окуяны көрүп дароо түшүп, жардам берейин дегем. Бирок аялдын көз карашынан аралашпа дегенин түшүндүм. Видеону тартып, бат эле өчүрүүгө туура келди. Анткени киши мен жакка таш ыргытып баштады. Үйгө барып, колума таяк көтөрүп чыксам ал аялын үйүнө сүйрөп кирип кетиптир. Барып эшигин такылдатсам, эч ким жооп берген жок», — дейт күбө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом