Си Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видеоКыргызстандын финансы секторунун кардарларынын саны 26 миллиондон ашты
Сокулукта күйөөсү аялын аёсуз сабап жаткан видео тарады
20.07.2022 | 13:33
Сокулук районунда күйөөсү аялын жерге жаткырып алып сабап жаткан видео социалдык тармакка тарады.
Видеону тартып алган күбө окуя Ленин көчөсүндө болгонун билдирген.
Анын айтымында, ал велосипед менен өтүп бара жатканда кошунасы аялын сабап жатканын көргөн.
“Окуяны көрүп дароо түшүп, жардам берейин дегем. Бирок аялдын көз карашынан аралашпа дегенин түшүндүм. Видеону тартып, бат эле өчүрүүгө туура келди. Анткени киши мен жакка таш ыргытып баштады. Үйгө барып, колума таяк көтөрүп чыксам ал аялын үйүнө сүйрөп кирип кетиптир. Барып эшигин такылдатсам, эч ким жооп берген жок», — дейт күбө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом