Чоң-Алайда чек арачыга аюу кол салып, ал каза болду

Чоң-Алайда чек арачыга аюу кол салып, ал каза болду

Ош облусунун Чоң-Алай районунда чек арачыга аюу кол салып, ал каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бөөдө кырсык 19-июлда орун алган. Чоң-Алай районуна караштуу Түштүк-Бокбашы жерлигинде мамлекеттик чек араны кайтарып кызмат өтөп жаткан учурунда 1992-жылы туулган К.А. аттуу аскер кызматкерине күтүүсүздөн аюу кол салып, жыйынтыгында аскер кызматкери оор жаракат алган. Көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардамга карабастан К.А. алган жаракатынан улам каза болгон.

Сержант Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгында келишимдик негизде кызмат өтөгөн.

Орун алган окуя боюнча бардык тиешелүү органдарга өз учурунда кабар берилди. Учурда Аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>