Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен жабылат. График…
20.07.2022 | 14:09
Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында “К.Көлбаев” атындагы туннелдин ичинде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Ага байланыштуу унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убак-убагы менен жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Оңдоолорго байланыштуу бир күндө 3 маал жол жабылып турат. Тактап айтканда, таңкы саат 4.00дөн 6.00гө, күндүзү 10.00дөн 12.00гө жана 14.00дөн 16.00гө чейинки убактарда туннел өтмөгүндө жол эки тараптуу жабылат.
“Урматтуу жүргунчүлөр! Ош – Бишкек жолуна жолго чыгаарда жол азыгын жана суу камдап алууну унутпаңыздар”, – деп эскертет ӨКМ.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом