Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөтУкук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылды
Бишкекте 25 жаштагы Куттубек изделүүдө
24.07.2022 | 18:35
Бишкек шаарында 25 жаштагы Куттубек Орозматов изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган А.С., аттуу тургуну кайрылып, анын 1997-жылы туулган иниси – Орозматов Куттубек Кабылбекович дайынсыз болуп жатканын билдирип, табууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
Маалым болгондой, Куттубек 30-майда саат 20:00 чамасында Ак-Босого кичи конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: Бою 165-170 см, чачы кара, кыска. Кара түстөгү футболка жана көк түстөгү шым кийип жүргөн.
Милиция Куттубекти көргөн-билгендер болсо 0 (550) 87-71-55 телефон номуруна же 102 кызматына билдирүүнү өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом