Садыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатҮч облустагы ветеринардык дарыканаларда дары-дармектерди сактоо эрежелери бузулганы аныкталдыКыргызстан менен Корея интеллектуалдык менчик тармагында кызматташатКРдин салык системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү каралууда
Сочини сел каптады. Адам өмүрүн алган кырсыктын видеосу
24.07.2022 | 21:47
Сочи шаарында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Маалыматка караганда, катуу жамгырдын кесепетинен улам, шаарды сел каптап, электр энергиясы өчүрүлгөн. Көчөлөрдүн биринен аял кишинин денеси табылганын куткаруучулар билдиришкен.
Сочи шаарынын мэри Алексей Копайгородский бул фактты тастыктап: “Тилекке каршы, адам өлүмү катталды. Бир аял каза болду. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, – деп билдирген.
Ошондой эле, селден улам 50дөн ашык жеңил унаа жабыркаган. Куткаруучулар жолдорду кулаган бактардан тазалап, унаалар атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилүүдө.
Акыркы эки күндөн бери Сочиде катуу жамгыр жаап, анын кесепетинен шаарды сел каптаган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар