БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкек мэри кызмат ордуна сынактык тандоодон өтө элек
26.07.2022 | 13:07
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кызмат ордуна сынактык тандоодон өтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлдагы мааламат жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иши боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев билдирди.
Маалымат жыйында журналисттердин бири президент тарабынан дайындалган Бишкек шаарынын мэри сынактык тандоодон качан өтөрү тууралуу суроо узаткан.
Жантаевдин айтымында, мэр кызматка дайындалгандан соң үч айдан кийин сынактан өтүшү керек. Бирок бүгүнкү күнү анын дайындалышынан бери үч айдан көп убакыт өткөн. Жантаев мэр жакында сынактан өтөрүн айтып, бирок мыйзамда мэр үч айдан кийин сынактан өтпөсө, кызматтан кетиш керек деген норма жок экенин белгилеп өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом