Улуусу 62 жашта. Баткенде кыз-келиндер футбол мелдешине түштү
Баткен облусунун Лейлек районунун Көк-Таш айылында чек арага жакын жерде кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу уюштуруучу жана активист Гази Бабаярова билдирди.
Анын айтымында, беттешке 10 команда катышты.
“Кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча мелдеште “Алга!” командасы 1-орунду, “Бий Тоо” командасы 2-орунду “Ынтымак” командасы 3-орунду ээледи. Жеңүүчү команданын эң улуу катышуучусу 62 жашта”, – деди ал.
Ошондой эле, ал кыз-келиндер дайыма футбол оюндарын уюштуруп турууну суранып жатканын белгиледи.
“Жыл сайын ушундай беттешке аялдар командаларын чогултууну пландап жатам. Келерки жылы оюндарга Баткен районунун башка айылдарынан да катышуучуларды кошобуз», – деди ал.
[image_carousel source=”media: 146374,146375,146376,146377″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Буга чейин футболчу Айдана Оторбаева Баткендин Көк-Таш айылында аялдар арасында футбол боюнча турнир өтөөрүн билдирип, алардын машыгып жаткандыгы боюнча видео жарыялаган.
28-го июля в селе Кок-Таш Лейлекского района пройдёт турнир по женскому футболу.
Вы только посмотрите как женщины усердно готовятся к играм, а главное кайфуют ? В этом году будет участвовать аж 10 команд ?? pic.twitter.com/5PNIZWgoiF— Aidana Otorbaeva (@aidashka7) July 25, 2022
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда