Улуусу 62 жашта. Баткенде кыз-келиндер футбол мелдешине түштү

Улуусу 62 жашта. Баткенде кыз-келиндер футбол мелдешине түштү

Баткен облусунун Лейлек районунун Көк-Таш айылында чек арага жакын жерде кыз-келиндер арасында футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу уюштуруучу жана активист Гази Бабаярова билдирди.

Анын айтымында, беттешке 10 команда катышты.

“Кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча мелдеште “Алга!” командасы 1-орунду, “Бий Тоо” командасы 2-орунду “Ынтымак” командасы 3-орунду ээледи. Жеңүүчү команданын эң улуу катышуучусу 62 жашта”, — деди ал.

Ошондой эле, ал кыз-келиндер дайыма футбол оюндарын уюштуруп турууну суранып жатканын белгиледи.

“Жыл сайын ушундай беттешке аялдар командаларын чогултууну пландап жатам. Келерки жылы оюндарга Баткен районунун башка айылдарынан да катышуучуларды кошобуз», — деди ал.

Буга чейин футболчу Айдана Оторбаева Баткендин Көк-Таш айылында аялдар арасында футбол боюнча турнир өтөөрүн билдирип, алардын машыгып жаткандыгы боюнча видео жарыялаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>