Кыргызстанда этке сунушталган баалар бекитилди: баасы канча турат?Кыргызстандын банктарынын активдери жыл башынан бери 21,9%га өсүп, 1,58 трлн сомго жеттиЭмнелер өсүүдө, ал эми кайсылар кыскарууда: Кыргызстандын 2027–2029-жылдарга бюджетинин долбооруна серепКыргызстанда качкын макамын алуу эрежелерин катаалдаштыруу каралууда — кеңири маалыматСадыр Жапаров Сеулда инвестицияларды, жасалма интеллектти жана биргелешкен өндүрүштөрдү талкууладыКыргызстанда 1-октябрдан тарта онлайн нотариалдык кызматтардын тизмеси кеңейтилет
4 жаштагы наристени издеп жаткандар, көлгө чөгүп жаткан башка кызды куткарып калышты
29.07.2022 | 11:21
Ысык-Көлдө чөгүп жаткан кыз аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июлда “Алия” мейманканасынын тушундагы көлгө 2006-жылы туулган Э.А. аттуу кыз чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат суучул-куткаруучуларга түшкөн.
Тактап айтканда, ошол учурда “Алия” эс алуу жайынын тушундагы жээкке жакын көл үстүндө суучул-куткаруучулар бир нече күн мурун чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жатышкан.
Издөө ишинде жүрүшкөн Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу, 2 суучул көлгө чөгүп жаткан кызга өз убагында жетип, суудан аман-эсен алып чыгышып, “Тез жардам” кызматынын адистерине өткөрүп беришкен.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом