Кыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбиялануудаАялын атып өлтүрүүгө шектелип жаткан мурдагы милиция кызматкерине карата иликтөөнү эми УКМК жүргүзөтПрезидент тышкы карызды төлөө боюнча Финансы министрлигинин божомолунан эки эсе ашкан суммаларды атадыСадыр Жапаров Кыргызстан тышкы карыздарын 2035-жылы төлөп бүтүрөрүн билдирдиӨкмөт жыгачты ЕАЭБден сырткары ташып чыгууга тыюу салууну узартты2025-жылы Кыргызстанда 715 млн долларга 119 өнөр жай объектиси ишке киргизилди
Кыргызстанда бир жумада коронавирустун 1091 учуру катталды
01.08.2022 | 11:39
Кыргызстанда 25-июлдан 31-июлга чейин бир жумада СOVID-19 инфекциясынын жаңы 1091 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, 911 адам амбулатордук дарыланса, 180 адам ооруканада. Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 203 776 учур катталды.
2022-жылдын 7 айында жалпысынан 19 028 COVID-19 учуру катталды, анын ичинен 17 034 (89,5%) лабораториялык тастыкталган жана 1994 (10,5%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом