Өзбекстанга 34 баш бодо мал айдап кетүүгө аракет кылгандар кармалды

Өзбекстанга 34 баш бодо мал айдап кетүүгө аракет кылгандар кармалды

Жалал-Абад облусунда Өзбекстанга мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракеттенген жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июнда чек арачылар Өзбекстанга 13 баш мал айдап бара жаткан жаранды кармашкан. Ал Аксы районунун Сөгөт айылынын 30 жаштагы тургуну болгон.

Ошондой эле бүгүн, 1-августта Ала-Бука районунун Актам аймагында 21 баш малды Өзбекстанга айдап бара жаткан 33 жаштагы Аксы районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, 34 баш малдын жалпы баасы 3 млн 725 миң сомго бааланган. Кармалган жарандар менен 34 баш бодо мал тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>