Чолпон-Атадагы таксисттердин мушташынын чоо-жайы — видео

Чолпон-Атадагы таксисттердин мушташынын чоо-жайы — видео

28-июлда кыргыз сегментинин социалдык тармактарында Чолпон-Ата шаарында таксисттердин мушташы тартылган видео тараган. Бул окуя боюнча мурда Ысык-Көл РИИБге эч ким арыз менен кайрылган эмес. Видео тасмага тартылган окуя Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Ысык-Көл облустук милициянын маалыматына караганда, териштирүү иштеринин жүрүшүндө, аталган окуя 26-июлда болжол менен саат 03:00 чамаларында Бактуу-Долоноту айылынын аймагындагы ат майдандын жанында болгону жана 29 жаштагы жергиликтүү тургун А.У. Чүй облусунун Аламүдүн районунун 21 жаштагы тургуну А.М.ге кол көтөргөнү аныкталган.

Аныкталган эки жаран Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына алынып келип, окуянын жагдайын жана себептерин тактоо үчүн алардан көрсөтмөлөр алынды. Алардын көрсөтмөлөрү боюнча, ошол күнү А.М. Бостери айылына эс алууга келген жана ат майданынын аймагында орун алган «Вайт» кафесинде эс алып жүргөн.

Болжол менен саат 03:00 чамаларында кафеден чыгып, эс алуу жайына жетүү үчүн таксистердин жанына басып барган. Ошол жерден жеке айдоочулук менен алектенген таанышын А.У. менен кезигип калган.

Өз ара сүйлөшүп жатканда, А.У. эки ай мурун 12 миң сом өлчөмүндөгү алган карызды качан берерин А.М.ден сураган. Ал эми А.М. финансалык кыйынчылыктан улам азырынча бере албастыгын айткан. Анда, А.У. андан кымбат кафеде эс алууга мүмкүнчүлүгү болуп, бирок карызды төлөөгө келгенде мүмкүнчүлүгү кандай жок экенин сураганда, А.М. оозго алгыс сөздөр менен жооп берген. Мындай жоопко кыжырланган А.У. кызуу кандуулук менен А.М.ди бир нече жолу муштап жибергенде, ал жерде турган башка таксистер аларды ажыратып коюшкан.

Андан кийинки териштирүүдө А.М. таанышы А.У.га эч кандай доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы бул факты боюнча чечим кабыл алуу үчүн кошумча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мушташ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>