Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Бишкекке учуп келдиАйсулуу Тыныбекова: Анын аракет кылганы мени багындыра алдыБишкекте «IMPULSE 2025» Х Эл аралык театралдык фестивалы ачылдыЕвропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош шаарына троллейбус линияларын куруп беретИИМ: Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндары токтотулдуСүт өндүргөн смарт-фермалар Кыргызстанда пайда болушу мүмкүн
Көлдө 4 жашар кызды издөөгө жардамдашкан ыктыярчылар адам сөөгүн таап чыгышты
03.08.2022 | 16:59
Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыз Аиша Мурдинованы издөөгө жардамдашып жаткан ыктыярчылар суу түбүнөн белгисиз 2 адамдын эски сөөктөрүн таап чыгышты. Бул тууралуу ыктыярчы топтун башчысы Айдана Оторбаева билдирди. Ал жазгандай сөөктөр 1-2-августта табылган.
Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы аталган маалыматты тастыктап, сөөктөр Тору-Айгыр айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы көлдөн табылганын маалымдады.
Көл түбүнөн табылган адам сөөктөрү тууралуу райондук милицияга кабар берилген. Сөөктөр суу ташталган эски желим торлорго илинип калган.
Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам негизинде чечим кабыл алынат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом