Кыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керек
Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Бишкекке учуп келди
17.09.2025 | 17:18

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, сапардын алкагында Жевдет Йылмаздын президент Садыр Жапаров жана өкмөт башчы Адылбек Касымалиев менен жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле ал эртең, 18-сентябрда, Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат. Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат