Жаңы кызматка дайындалган Дайырбек Орунбековдун өмүр баяны

Жаңы кызматка дайындалган Дайырбек Орунбековдун өмүр баяны

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Орунбеков Дайырбек Тейишовичтин өмүр баяны.

Орунбеков 35 жашта, ал Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ойтал айылында туулган.

Билими:

— Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультети.

Эмгек жолу:

— 2009-2010-жылдары «Айат Пресс» гезитинин жооптуу катчысы, кабарчысы;

-2010-2011-жылдары – «Аргумент» гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактору;

-2011-2012-жылдары — «Асман пресс» гезитинин башкы редактору;

-2012-2013-жылдары «Мекен инфо» гезитинин башкы редактору;

-2011-2013-жылдары — Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;

-2013-2018-жылдары — Maalymat.kg маалымат агенттигинин директору;

-2018-2020-жылдары — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси;

-2020-2021-жылдары – “Манас” эл аралык аэропортунун төрагасынын кеңешчиси;

-2021-жылы – №11 Алай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер (добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча экинчи орун) -2021-2022-жылдары – «Кыргыз темир жолу» ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы;

Ошондой эле «Жетиген нуру» кайрымдуулук фонду» коомдук фондунун директору болгон.  -2015-2017-жылдары экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берген. 2015-жылы Башкы прокуратура Д.Орунбековдун 2014-жылдын 30-сентябрында Кыргызстандын президентинин ар-намысына шек келтирген макаласы боюнча Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Райондук сот 2015-жылдын 29-июнунда Д.Орунбековго карата жарандык ишти карап, журналистке 2 миллион сом моралдык компенсация төлөп берүү чечимин чыгарган.

2017-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда бул кылмыш иши боюнча ачык соттук отурум болуп өткөн. Сот Д.Орунбековдун мурда соттолбогондугун эске алып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, мунапыс боюнча кылмыш ишин токтоткон.  2017-жылдын 27-мартында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. 2 миллион сом компенсация төлөп берүү чечими күчүндө калганын Жогорку Сот билдирген.

Өткөн жылдын февраль айында Орунбеков УКМК имаратынын жанында Райымбек Матраимовду колдоо митингдерине катышкан. Анын аты журналисттик иликтөөдө да чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>