Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Жаан жаайбы? 7-августка карата аба ырайы
06.08.2022 | 14:22
Эртең, 7-августта Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Башка облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15 … 20, күндүз +30 … 35;
Талас жергесинде түнкүсүн +11 … +16, күндүз +28 … +33;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн +19… 24, күндүз +32 … 37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +25 … +30;
Нарында түнкүсүн +9 … 14, күндүз +25 … +30 градус жылуу болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18 … +20, күндүз +32 … +34 градус болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом