Таласта жаңы сейил бак жана веложол салынат

Таласта жаңы сейил бак жана веложол салынат

Талас шаарында жаңы сейил бак жана веложол салынат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов билдирди.

Аталган сейил бак Таластагы аэропорт жакта жайгашат. Ал көп жылдан бери каралбай калган эски сейил бак.

Мэрдин айтымында, элдин саны көбөйүп жаткандыктан шаардагы жалгыз сейил бак кичинекей болуп, майрам күндөрү эл батпай калып жаткан. Мындан улам шаарга жаңы сейил бак салуу муктаждыгы жаралган. Анын аянты 6,5 гектар болот.

«Биздин жашоочуларга, ишкерлерибизге ыраазычылык билдирем. Алар бизге «инфраструктурасын жасай бериңиз, сейил бакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу жагынан жардам беребиз» деп жатат», — деди ал.

Жаңы сейил бакка веложол салуу пландалууда. Ал Талас шаарындагы биринчи веложол болуп калат. Ал паркты айланта салынат. Анын узундугу 1 чакырымга жакын болот. Веложол тротуар менен бирге салынып, туурасы 5 метрди түзөт.

Сейил бакты салууга дээрлик 60 млн сом кетери пландалууда. Анын ичинен веложол салууга 8 млн сомго тендер жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>