Бишкекте Мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби ачылатЧүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыАнтимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдүОрозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалууда
Баткенде мурунку аялын сабап, зордуктаган киши кармалды
11.08.2022 | 15:09
Кызыл-Кыя шаарында аялды мурунку күйөөсү зордуктап, сабап, андан кийин тергөөдөн жашырынып жүргөн. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокат районунун 33 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Ал 21-июль күнү 35 жаштагы мурдагы күйөөсү аны Таштемир-Ата борбордук базарынын жанындагы талаага күч менен алып барып, сабап, зордуктаганын билдирген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча каттоого алынган. Кылмышка шектүү Ысык-Көл облусунда жашырынып жүргөн жеринен табылган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал