Кыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайыСадыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштады
COVID: Вакцинанын 3-дозасы кимдерге сунушталат?
12.08.2022 | 14:43
Кыргызстанда 60 жаштан жана андан жогорку курактагы жарандарга COVID-19га каршы вакцинанын 3-дозасы сунушталат. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Маалыматка караганда, вакцинанын 1 жана 2-дозасын алган адамдарга 4-6 айдан кийин вакцинанын 3-дозасы сунушталууга тийиш.
“60 жаштан өйдө адамдарда эки дозаны алгандан кийин иммунитет жаштарга караганда начар калыптанары белгиленген. Үчүнчү дозаны алуу кыйла жогорку иммунитетти калыптандырууга жардам берет”, – деп айтылат маалыматта.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом