Кыргызстанга араб блогерлери келди — сүрөт

Кыргызстанга араб блогерлери келди — сүрөт

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан таанымал блогерлер келди. Алар Кыргызстандын жаратылышы, кооздугу тууралуу угуп келген.

Кыргызстанга келгенине бир эле күн болуп, борбор калааны көрүп, шаар четине гана чыкканы менен Эмираттардан келген блогерлер кыргызстандыктар өтө ачык мүнөз, меймандос экенин айтат. Кинорежиссер жана актер Ахмед Саиф дүйнөнүн көп өлкөсүңдө болсо да, Кыргызстандагыдай жаратылышты башка жерде көрбөгөнүн билдирди.

Башка блогер Омар Хасан Кыргызстанды Грузияга салыштырып, бул жактагыдай тоолорду башка өлкөлөрдө учуратпаганын белгиледи.

Блогерлер Кыргызстандагы биринчи түнүн Чуңкурчакта өткөрдү. Боз үйдө жашап, кыргыздын тамак-аштарын ооз тийип көрдү. Бул жактын тамактары алардын табитине жаккан. Айрыкча баары эттин өзгөчө даамы бар экенин белгиледи.

«Баарынан да аба ырайы көңүлүбүздү бурду. Кечээ аэропортто температура 10 градуска чейин да жеткен эмес. Азыр тоолор жакта күн жылуу болуп турат. Менимче 30 градус жылуу. Бул жактын тамактарын татып көрдүк, мага айрыкча боорсоктор жакты. Бизде да боорсокко окшош үч бурктук нандар бар. Өлкөмө барганда, баарына боорсокту жеп көрүш керек экенин айтам. Бул жакта жашагым да келип жатат», — дейт Абдалла Халед.

Бүгүн Бириккен Араб Эмираттарынан келген туристтер Бурананы көрүп, Ысык-Көлгө барып, сууга түшүшөт. Андан кийин Каркырага барууга жетишип калууну көздөп жатат. Ошондой эле алар ачык асман алдындагы петроглиф музейин, Рух Ордону көрүп, кемеде эртең мененки тамакты жеп көрүүгө ынтызар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: туристтер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>