КР бажычылары Түркиядан этил спиртинин ири партиясын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 27-мартында «Түндүк-Чыгыш» бажысынын «Кант» убактылуу сактоо кампасына (УСК) Түркия Республикасынан «ГКМ» ЖЧКсынын дарегине автотранспорт каражаты келгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Документтерге ылайык, унаада ар кандай багыттагы товарлар, анын ичинде сумкалар үчүн аксессуарлар, атайын техниканын тетиктери, пластик буюмдар, көшөгө аксессуарлары жана парфюмерия продукциялары ташылып келген.
«Бажылык текшерүү учурунда декларацияланбаган товарлар — жалпы көлөмү 2 миң 373 литрди түзгөн суюктук куюлган канистралар табылган. Thermo Fisher бажы контролунун техникалык каражатын колдонуу менен бул суюктук 96% концентрациядагы этил спирти экени аныкталган. Аны ырастоо үчүн үлгүлөр Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик изилдөөлөр кызматына жөнөтүлгөн. Экспертизанын корутундусуна ылайык, суюктук этил спирти деп табылды», — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча протокол түзүлүп, товарлар жана документтер белгиленген тартипте кармалды. Материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле жүктүн акыркы алуучусу аныкталды.
Кылмыш иши козголду.