Кара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттүИИМ: Журналист Алтынай Арстанбекова массалык башаламандыктарга чакырууга шектелип кармалдыБишкекте тамак-аштан уулангандардын саны 20 адамга жетти. Бирөө жандандыруу бөлүмүндөАшуулардагы абал: бардык унаалар үчүн чектɵɵлɵр жок
Августта Кыргызстандын карызын төлөөгө 1,7 миллиард бөлүнөт
12.08.2022 | 21:01
Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөө үчүн Каржы министрлиги август айынын бюджетинде 1 миллиард 702 миллион 236 миң сом караган. Мындай маалыматтар кассалык планда келтирилген.
Бул сумма үстүбүздөгү жылдын июль айына салыштырмалуу 25,32% аз, анда бул максаттарга бюджеттен 2 млрд 279 млн 503,1 миң сом каралган. Төлөмдөрдүн азайышынын себеби тактала элек.
Мамлекеттик карыздын тейлөөгө бюджеттик чыгашалар

Каржы министрлиги мамлекеттик карыздын көлөмү тууралуу жарандарга акыркы жолу ушул жылдын май айында маалымат бергенин кошумчалайбыз. Ал 5 миллиард 115,45 миллион долларды түзүп, апрель айына салыштырмалуу 23 миллион 250 миң долларга же 4 миллиард 295,7 миллион сомго көбөйүп, 422,4 миллиард сомду түздү.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика