Дыйкандар жылдык 4,5% менен насыяга үрөн ала алышат

Дыйкандар жылдык 4,5% менен насыяга үрөн ала алышат

Кыргызстандын дыйкандары күздүк дандын үрөнүн жылдык 4,5% ала башташты. Бул тууралуу «Акчабарга» Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Айыл чарба министрлигинин айыл чарбаны өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жигиталы Жумалиевдин айтымында, насыя үч жылдык мөөнөткө берилет.

«Бул үрөндөр былтыркы жылы себүү мезгили башталганга чейин алып келүүгө үлгүрбөй калган. Күзгү себүү үчүн бизде үч миң тонна үрөн бар, жазга чейин дагы алты миң тонна үрөн болот. Аларды «Айыл Банк» аркылуу беребиз«, — деп түшүндүрдү чиновник.

Анын айтымында, үрөн кандай баада сатылары азырынча белгисиз. Болгону сатылып алынган көлөмгө жараша болорун айтты.

Жигиталы Жумалиев кошумчалагандай, бул үрөндөр Россиянын мыкты селекциялык борборлорунда өндүрүлгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Тэги: Насыя Үрөн

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>