Бишкек шаарындагы жол кырсыктан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 14-августта Патрис Лумумба менен Волкова көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда «Хонда Фит» унаасы «БМВ» унаасы менен сүзүшкөн. Анын айынан «БМВ» катуу ылдамдыкта барып 5 жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Жол кырсыгынан 3 жаран реанимацияга жаткырылган.
«Хонда Фиттин» айдоочусу У. У., ал эми «БМВнын» айдоочусу Б.М. аттуу жарандар экени аныкталган.
Учурда унаалар айып аянтчасына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда