Бишкекте жаранды сабап жаткан милиционердин видеосу

Бишкекте жаранды сабап жаткан милиционердин видеосу

Кызыл-Аскердеги милиция бөлүмүнүн алдында укук коргоо органынын кызматкери жаранды сабаган. Окуянын видеосу «Полит Узник» телеграм каналына жарыяланган. Бул окуя боюнча Ленин райондук милициясы Reporter.kg’ге комментарий берди.

Маалым болгондой, 13-августта Ленин райондук милициясына Ф.О. аттуу (аял киши) жаран кайрылып, уулу үйгө мас абалында келип, эмеректерди талкалап анын тынчын алып жатканын билдирген.

Арыз боюнча милиция кызматкерлери 35 жаштагы Ф.В. аттуу жаранды кармашып, териштирүү иштери үчүн Тергөө кызматына алынып келген.

«Териштирүү учурунда Ф.В. аттуу жаран мас абалында болгондуктан милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүп, качууга аракет кылган. Ошондой эле ал өзүн агрессивдүү алып барып, нөөмөттө турган кызматкердин кийимин айрып, мамлекеттик мүлккө зыян келтирген. Ага байланыштуу милиция кызматкерлери самбо ыкмаларын колдонууга туура келген», — деп айтылат билдирүүдө.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, окуяга катышы бар милиционерлерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>