18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Бишкектеги жол кырсыктан 3 адам реанимацияга түштү – видео
15.08.2022 | 10:16
Бишкек шаарындагы жол кырсыктан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 14-августта Патрис Лумумба менен Волкова көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда “Хонда Фит” унаасы “БМВ” унаасы менен сүзүшкөн. Анын айынан “БМВ” катуу ылдамдыкта барып 5 жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Жол кырсыгынан 3 жаран реанимацияга жаткырылган.
“Хонда Фиттин” айдоочусу У. У., ал эми “БМВнын” айдоочусу Б.М. аттуу жарандар экени аныкталган.
Учурда унаалар айып аянтчасына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар