Финляндияда дарак кучактоо боюнча чемпионат өттү
Финляндиянын Леви дарыясынын жээгинде бак-дарактарды кучактоо боюнча чемпионат өттү. Катышуучулар үч категория боюнча ат салышты:
- ылдамдыкта кучакташуу, (бир мүнөттө мүмкүн болушунча көп карагай менен кайыңды кучактоо керек),
- берилип кучактоо (60 секунддан кем эмес чын ыкластан кучакташуу),
- фристайл, (чыгармачылык менен кучакташуу)
Бак кучактоо боюнча быйылкы чемпион Хельсинкиден Ани Ланкила болду. Ал мелдешке күрөң аюунун кийимин кийип келген. Эми Леви лыжа базасында бир жума бекер эс алат.
– Мындай сынактан кийин кандай сезимде болосуз?
– Мен өзүмдү сонун сезип жатам. Жагымдуу жана күтүүсүз болду. Бүгүн абдан салкын болду. Кел, кийинки жылы аракет кыл.
-Дарактарды кучактап жүрө бересизби?
– Албетте, улантам. Мен күн сайын жаратылышта болом. Балким, мен айланадагы бак-дарактарды башка көз менен карай баштайм.
Бак-дарактарды кучактоо боюнча биринчиликти өткөрүү идеясы 2020-жылы пандемия учурунда жергиликтүү токойго ээлик кылган ХалиПуу уюмуна келген. Табият менен байланышуу маанайды жакшыртат жана стрессти азайтат дешет алар.
Быйыл сынак үчүнчү жолу өткөрүлдү.
[image_carousel source=”media: 150603,150601,150600″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда