Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
«Манасчы Сагымбай » тасмасы Казандагы фестивалда көрсөтүлөт
02.09.2022 | 09:53
Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун «Манасчы Сагымбай» жаңы тасмасы Казандагы мусулман кинолорунун эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Кинофестиваль 7-11-сентябрь күндөрү Татарстандын борбору Казань шаарында болуп өтөт. Аталган тасма кинофестивалдын “Россия – Ислам дүйнөсү” сынактык программасына киргизилген.
Андан тышкары «Манасчы Сагымбай» тасмасы 8-сентябрдан тарта Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлөт баштайт.
Тасмада манасчы Сагымбай Орозбаковдун өмүрү жана андан эл оозеки чыгармаларын жыйнаган Ыбырай Абдрахман уулунун “Манас” эпосун кантип жазып алганы баяндалат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом