Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайтReporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилди
УКМК ардагерлери Ташиевди “Кыргызстандын баатыры” болушу менен куттуктады
03.09.2022 | 16:25
УКМКнын ардагерлери атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевди “Кыргызстандын баатыры” наамын алышы менен куттуктады.
“Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгегиңиз бааланып, сизге “Кыргыз Республикасынын баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасынын ыйгарылышы жана “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин алышыңыз менен куттуктайбыз! Сизди Кыргызстандын коопсуздугун сактоого жана мамлекеттин экономикасын ар тараптуу өнүктүрүүгө мындан ары дагы салым кошо берет деп терең ишенебиз”, – деп айтылат куттуктоодо.
Эскерте кетсек, президенттин жарлыгы менен Камчыбек Ташиевге “Кыргызстандын баатыры” наамы ыйгарылган.
Ташиев кайсы эмгеги үчүн “КР Баатыры” болду? Президенттин жообу
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом