Ташиевдин «КР Баатыры» наамы, Ош окуясы тууралуу маеги

Ташиевдин «КР Баатыры» наамы, Ош окуясы тууралуу маеги

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп, «Кыргызстандын баатыры» наамы, 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, наам алуу ал үчүн бир жагынан күтүүсүз, экинчи жагынан күтүлгөн окуя болду.

«Себеби мындан 12 жыл мурда болуп өткөн окуялардын негизинде берилгенин урматтуу президентибиз айтып өттү. Ошол  маалда жасалган эмгектер, ошондогу 100 миң деген адамдардын күбө болушу, ал окуялардын жөндөн-жөн унутулуп кетиши мүмкүн эмес болчу. Ошол маалда эки элдин ортосундагы жаңжалды токтотууга болгон аракетибиз, элдин өмүрүн сактап калууга жумшаган күч-аракетибиз кайсы бир маалда бааланарын билгем. Көзүм өткөндөн кийин бааланат деп ойлогом. Себеби адамдын эмгеги көзү тирүүсүндө бааланышы өтө кыйын экен. Айрыкча биздин кыргыз коомунда кыйын экенин баарыбыз билебиз”, — деди ал.

Анын айтымында, Ош окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абадда эл менен болгон жолугушууда эл тарабынан Садыр Жапаровго, өзүнө жана Акматбек Келдибековго «баатыр» деген наам берилген.

«12 жыл убакыт өттү. Бүгүн президентибиз ошол эмгекти эскерип, баалап сыйлык берди. Бул сыйлыкты бербеген күндө да, эл бизге ал наамды берип койгон», — деди ал.

Ал белгилегендей, 2010-жылдагы окуяда эки элдин ортосунда чырды токтотууда бир эле ал эмес Садыр Жапаров, Алтынбек Сулайманов, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошева жана башка адамдардын эмгеги бар.

«Бул наамды Ахматбек Келдибековго да берсе, Садыр Жапаров өзү да алса болмок. Алар чыныгы эрдикти көрсөтүп жүрүшкөн. Кыргызстандын башына оор күн түшкөндө баарыбыз бириккенбиз. Ошондо  түндүк-түштүк, оппозиция-позиция дебей биригип, улутчул-сепаратисттерге Кыргызстанды талатып-тонотпой сктап калганбыз. Оор учурда кыргыздар биригип кетүүнү билебиз. Бул биздин Кыргызстаныбыздын, кыргыздардын эң негизги адамдык, мекенчилдик сапаты деп билем», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>