Айрым аймактарда өткүн өтөт: 29-сентябрга карата аба ырайынын божомолуСаясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катышты
Өткөн айда Россиядан 31 кыргызстандыктын сөөгү алынып келди
03.09.2022 | 16:06
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги август айында аткарган иштери тууралуу маалымат берди.
Маалым болгондой элчиликтин көмөгү менен айлыгын ала албай жаткан кыргызстандык жарандарга 2 млн 947,7 миң рубль төлөтүлүп берилген. 29 жаран камактан чыгарылган. Алардын көбү миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кармалгандар.
Өткөн айда Россияда каза болгон 31 кыргызстандыктан сөөгү мекенине жөнөтүлгөн.
Элчилик Канцелярия менен биргеликте 11 миң 597 консулдук иш-аракеттерди жүргүзүп, анын ичинен 8 миң 513ү консулдук кызмат көрсөтүүлөр болгон. Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери мекендештердин катышуусу менен болгон 45ке жакын окуяда укуктук жардам көрсөтүү үчүн окуя жерине барган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом