Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлду
Ноокенде өспүрүм кызды зордуктаган адам өмүр бою эркинен ажырады
07.09.2022 | 18:04
Ноокен районунда өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаранга өкүм чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg′ге райондук соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, өкүм кечээ, 6-сентябрда чыгарылган.
“Ноокен райондук сотунун ушул жылдын 6-сентябрындагы өкүмү менен П.А.С. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды”, – деп айтылат маалыматта.
Бул кылмыш иши Ноокен райондук сотуна 2022-жылдын 1-июлунда келип түшкөн. Айыптоо корутундусуна ылайык, айыпталуучу 2016-жылы туулган жашы жете элек кызды алсыз абалынан пайдаланып, аны үйүнө алып барып, жыныстык катнашка барган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом