Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга жаңы жетекчи келди

Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга жаңы жетекчи келди

Советжан Асанкадыр Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министр Азамат Жаманкулов тааныштырды.

Буга чейин аталган окуу жайдын директору болуп эл артисти Тентимиш Мураталиев эмгектенип келген.

Мындан ары, Тентимиш Мураталиев аталган мектепте өсүп келе жаткан муундарга тарбия берүү жана кесипкөй адистерди тарбиялоого салым кошуу үчүн окуу жайда мугалимдик кесипти аркаламакчы.

Советжан Асанкадыр буга чейин «Айкөл» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеп келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>