Милиция өлтүрүлгөн адамдын өздүгүн тактоого жардам сурайт

Милиция өлтүрүлгөн адамдын өздүгүн тактоого жардам сурайт

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы киши колдуу болгон жарандын өздүгүн тактоого жардам берүүнү өтүнөт.

Маалым болгондой 1-августта Панфилов көчөсүндөгү таштанды челектердин жанынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал жаранга ичимдик ичип отурганда 31 жаштагы Х.Д. аттуу жаран бир нече ирет бычак урганы аныкталган. Бычак жеген жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция кызматкерлери каза болгон жарандын өздүгүн тактоого жардам берүүнү өтүнөт.

Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, салмагы 65-70 кг, чачы кара, көзү күрөң

Кийген кийими: көк жинсы, кочкул көк түстөгү футболка

Маркум тууралуу маалыматы бар адамдар Биринчи май райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө 0 (704) 102 702, 0 (312) 543 248 же 102 номери боюнча кабар берсе болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>