КР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Ирандын элчиси Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты

23.04.2026 | 09:49

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушуп, аймактык коопсуздукту жана ШКУнун алкагындагы кызматташтыкты талкуулады, деп билдирет КР президентинин басма сөз кызматы.

Анын маалыматына караганда, Жакынкы Чыгыштагы окуялар жана алардын Борбордук Азия аймагына тийгизген таасири тууралуу пикир алмашуу болду.

Ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Шанхай кызматташтык уюмунун форматында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланды.

Тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын алдыда өтө турган 21-жолугушуусуна даярдык көрүү маселесине да токтолушту.

Scroll to Top