Каракчылар эки адамды сабап, акчасын, унаасын алып кетишкен  

Каракчылар эки адамды сабап, акчасын, унаасын алып кетишкен  

Ысык-Көлдө тоноо жана опузалап акча талап кылуу менен алектенген үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.

Маалыматка караганда, 6-сентябрь күнү Каракол ШИИБге облустук территориалдык ооруканадан 1994-жылы туулган  Ш.А жана 1992-жылы туулган М.Э. аттуу жергиликтүү жарандар денесинен алган жаракаттары менен түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат боюнча шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу териштирүү жүргүзгөн учурда 6-сентябрь түнкү саат 01:00 чамасында, жабырлануучулар жашаган батирине белгисиз үч азия улунтундагы адамдар кирип сабап, күч колдонуу менен  «Хонор 8», «Редми ноут 11»  үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун, акча каражатын жана Ш.А.га  таандык болгон «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасынын ачкычын  ачык түрдө ээлеп алгандыгын аныкташкан.

Ошондой эле,  кайрадан аларды кайтарып алыш  үчүн 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын жабырлануучулардан кийинки күндүн  саат 17:00гө чейин табууга  мөөнөт берип  опузалагандары да маалым болгон.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, КЖКнын 206-беренисинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

“Ууру», «Алдамчы» жана «Бандит» операцияаларынын жүрүшүндө, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, иизин суутпай кармап, колго түшүрүлгөн. Алар 1997-жылы туулган Тоң районунун тургуну Т.К., 1994 жылы туулган Түп районунун тургуну И.М.  жана 1994-жылы туулган Жети-Өгүз районунун тургуну Ө.С. болуп чыкты.

Кармалган шектүүлөр, алгачкы суракта күнөөлөрүн толук моюндарына алышып, Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөргө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Тергөө амалдары уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>