Садыр Жапаров Эңилчек айылына барып, жашоочулар менен жолугуштуКыргызстан менен Казакстандын Тышкы Иштер Министрлери стратегиялык кызматташтыкты талкуулаштыНоокендеги айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалдыЫсык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргизди
Чек ара кызматы: “Достук” тозотундагы ок атышуу токтоду
14.09.2022 | 15:09
Бүгүн, 14-сентябрда саат 14:00дөрдө башталган Баткен районунун Как-Сай жергесиндеги ок атышуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Ок атышуу саат 14:40та токтогон. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү улантууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Чек ара кызматы саат 14:00дөрдө Тажикстан тарап Баткендин Как-Сай жергесинде “Достук” тозотунун чек ара кызматкерлерине ок чыгарып, ок атышуу башталганын билдирген.
Андан мурдараак кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы жергесинде чыр чыккан. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом